Abank
SerepTV Logo

22-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

22-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 22-августта Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35, Талас жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28, Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +19…+21, күндүз +33…+35 градус болот.