Abank
SerepTV Logo

21-январга карата өлкөдөгү аба ырайы

21-январга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 21-январда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6; Талас жергесинде түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5; Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…+5; Нарында түнкүсүн -25…-30, күндүз -10…-15; Ал эми Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15 градус, күндүз -1…-3 градус болот.