Abank
SerepTV Logo

21-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

21-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 21-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18, Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +20…+22.