Abank
SerepTV Logo

21-ноябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

21-ноябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 21-ноябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11; Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7; Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2; Бишкекте 21-ноябрга караган түнү жана күндүн биринчи жарымында жаан жаабайт, түштөн кийин жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6 суук, күндүз +8…+10 градус болот.