Royal
SerepTV Logo

21-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

21-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 21-мартта түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +9…+14, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +10…+15, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13, Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +12…+14 градус жылуу болот.