Abank
SerepTV Logo

21-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

21-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 21-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35, Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28, Нарын облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30, Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +33…+35 градус ысык болот.