Abank
SerepTV Logo

21-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

21-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 21-февралда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүн биринчи жарымында Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2, Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…-9. Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -9…-11, күндүз 0…-2 градус суук болот.