Abank
SerepTV Logo

21-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

21-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 21-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Чүй облустарында жаан жаашы мүмкүн, Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15; Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16 градус болот. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +15…+17 градус болот.