21-24-март күндөрү тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 21-24-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Алар: Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу; 198-260-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу; Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымы; Ала-Бука – Каныш – Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымдарында Чапчыма ашуусу; Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымы Чоң-Ашуу ашуусу; Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымындары.