Royal
SerepTV Logo

2024-жылы Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу эксплуатацияга берилет

2024-жылы Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу эксплуатацияга берилет
"Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу эксплуатацияга берилет". Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди. Ал 2024-жылдагы жасалуучу иштерге токтолуп жатып, транспорт  жана жол тармагында аткарыла турган иштерди тизмектеди. “Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу эксплуатацияга берилет. Балыкчы - Чолпон-Ата - Корумду жолунда асфальт төшөө иштери аягына чыгарылат. Түп-Кеген, Каркыра - Турук - Сары-Жаз, Балыкчы-Бөкөнбаев-Барскоон, Нарын-Баетов, Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка, Ош-Баткен-Исфана жолдорун реконструкциялоо иштери улантылат, Корумду-Балбай Баатыр автожолун реконструкциялоо иштери башталат. Кытай менен 3-альтернативдүү жол-Бедель жаңы өткөрмө пункту пайда болот. Эркештамда 4 тилкелүү “Достук-Көпүрөсү” ачылат”, - деди ал.