Royal
SerepTV Logo

20-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

20-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 20-январда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…-6, Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3, Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7. Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-3° суук, күндүз +2…+4° жылуу болушу күтүлөт.