Royal
SerepTV Logo

20-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

20-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 20-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар себелеши мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18, Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +15…+20. Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +21…+23 градус жылуу болот.