Abank
SerepTV Logo

20-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

20-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 20-майда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25, Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +21…+26, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21, Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20. Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +22…+24 градус болот.