Abank
SerepTV Logo

20-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

20-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18; Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12; Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15 градус болот. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +15…+17 градус болот.