Abank
SerepTV Logo

2-сентябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

2-сентябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 2-сентябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27, Талас жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +25…+30, Ысык-Көлдө түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27, Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25, Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +24…+26 градус жогору болот.