"2-октябрда үйлөнмөк". Чек арадагы атышууда 27 жаштагы Манас Баатырбеков каза тапты
Кечээ, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 27 жаштагы Манас Баатырбеков каза тапты. Бул тууралуу "Турмуш" жазды.
"Ал үйлөнө элек болчу. Үй-бүлөдө бир туугандардын улуусу. 2 иниси жана 2 карындашы бар. Эң өкүнүчтүүсү анын үйлөнүү тою 2-октябрга белгиленген. "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында снаряд тийиптир. Ал Баткендеги №707 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн. Сөөгү бүгүн, 17-сентябрда жерге берилди", - деп айтылат маалыматта.
Чек арадагы ок атышуудан 24 Кыргыз жараны каза болгону маалымдалган. Тизме жарыялана элек.