"2 кыз, 1 уул". Ошто 37 жаштагы келин 3 эмди жарыкка алып келди
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 3 эм төрөлдү. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган оорукананын директору тастыктады.
Маалыматка караганда, 37 жаштагы Ош шаарынын тургуну 1 уул, 2 кызды 7-мартта жарыкка алып келген. Бул келиндин төртүнчү төрөтү. Ал үчүнчү төрөтүндө эгиз уулдарды төрөгөн.