"2 жылда 25 адам каза болду". Депутат Бишкек-Ош жолун жарыктандырууну жана жол чырак орнотууну суранды
"Бешик-Жон жана Акман айылдарынын ортосундагы Бишкек-Ош унаа жолуна жарыктандыруу керек", - деп билдирди депутат Таалайбек Масабиров Жогорку Кеңештин жыйынында.
Мындан тышкары, ал жерге жол чырак орнотууну суранды. Масабиров белгилегендей, эң көп кырсык дал ушул жолдо катталат. «Бул болгону 9 чакырым жол, бирок статистика боюнча 2 жыл 3 ай 21 күндө 25 адам каза болсо, анын ичинен акыркы 3 айда 5 адам каза болгон. Маселени тез арада чечип берүүңүздөрдү суранам», - деди Масабиров.