Abank
SerepTV Logo

2-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

2-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 2-июнда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +26…+31; Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25; Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26; Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +28…+30 градус жылуу болот.