Abank
SerepTV Logo

2-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

2-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 2-февралда түнкүсүн Талас, Нарын, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10, Ысык-Көлдүн аймагында түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6, Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6, Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, түштөн кийин жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +8…+10 градус болот