Royal
SerepTV Logo

2-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

2-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 2-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6, Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3, Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6. Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -2…-4 болушу күтүлөт.