Abank
SerepTV Logo

2-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы

2-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 2-декабрда түнкүсүн Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүйдүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл облусунун басымдуу аймактарында Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт. Жалал-Абад, Талас, Нарындын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8; Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8; Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10; Нарын облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5; Бишкекте 2-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз -1…+1 градус болот.