Royal
SerepTV Logo

2-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

2-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 2-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17, Баткенде түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13, Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +10…+15. Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.