2-апрелде Бишкекте "Велосезон-2023" ачылышы болот
2-апрелде "Велосезон-2023" ачылышы болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ачылыш Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата уюштурулуп, "Ала-Тоо" аянты – "Жеңиш" сейил багы маршруту боюнча өтөт. Катышуучулар “Ала-Тоо” аянтынан саат 9:00дө башталып, сейил бакта саат 10:30да жыйынтыкталат. Веложарыштын жыйынтыгы менен байгелүү түрдүү сынактар өткөрүлөт.