«2 айдан бери 5 балам менен талаада чатырда жашап жатам" деген келинди убактылуу батирге көчүрүштү
Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 30 жаштагы келин кайрылып, 2 айдан бери талаада чатырда 5 баласы менен күн кечирип жатканын, балдары ооруп жатканы айтып, жардам сурап" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/2-aidan-beri-5-balam-menen-talaada-chatyrda-jashap-jatam-degen-kelin-jardam-surait/"> кайрылган.
Бүгүн, 20-апрелде редакция келинге байланышканда, ыраазычылык билдирип, жардам болуп жатканын айтты. "Соода менен алектенген түгөйлөр келип, бизди көрүп, Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен батирди ижарага алып беришти. Тамак-аш, палас, килемдерден бери беришти. Кичинекей баламдын эки өпкөсүнө суук тийиптир, учурда ооруканадабыз. Видео чыккандан бери акчалай жардам берип жаткандар да болуп жатат. Эсебимдеги акчаны ала элекмин, жардам бергендер көп болуп жатат", - деген келин элге да ыраазычылыгын билдирди.