2-6-февралда өлкөдө жаан-чачын болуп, тоолуу райондордо кар көчкү жүрүшү ыктымал
Синоптиктердин божомолунда 2-февралдан 6-февралга чейин өлкөдө жаан-чачын күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"Буга байланыштуу тоолуу райондордо, Ала-Бука – Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-113-чакырымдарында жайгашкан Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлүүдө. Бул күндөрү жолдор тайгак болот", - деп айтылат билдирүүдө.