2-5-май күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн
2-майдан 5-майга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кар көчкү Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында, Барскоон - Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү күтүлөт.
"Унаада дөңгөлөк чынжырчасы, күрөк, дары-дармек топтому жана гүлазык, ысык суу алыңыздар. Зарылдыгы болбосо алыскы жолго чыгууну башка күндөргө жылдырыңыз. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылды чектеңиз", - дешти.