Royal
SerepTV Logo

19-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

19-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 19-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7, Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4, Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5. Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн  -5…-7° суук, күндүз +5…+7° жылуу болушу күтүлөт.