Abank
SerepTV Logo

19-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

19-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 19-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23, Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26. Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, түштөн кийин өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26 градус болот.