Abank
SerepTV Logo

19-ноябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

19-ноябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 19-ноябрда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12; Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12; Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9; Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 суук, күндүз +10…+12 градус болот.