Abank
SerepTV Logo

19-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

19-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 19-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарындын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан жаабайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39, Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +33…+38, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30, Нарын облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү температура +23…+25, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.