Abank
SerepTV Logo

19-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

19-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 19-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +26…+31; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30; Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +27…+32 градус жылуу болот. Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +32…+34 градус жылуу болот.