Abank
SerepTV Logo

19-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

19-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 19-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10; Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12 градус болот. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +10…+12 градус болот.