"19 адамдын сөөгүн таап чыктык". Кыргызстандан Түркияга барган куткаруучулар издөөнү улантышууда (видео)
ӨКМ бүгүн, 9-февралда Түркияда жер титирөөдөн кийинки урандылардын алдынан жарандарды издөө үчүн кеткен куткаруучулардын видеосун жарыялады.
Видеодо куткаруучу учурда саат 04:50 болгонун (Кыргызстанда 07:50) айтып, ушуга чейин 19 адамдын сөөгүн алып чыкканын билдирди. "Издөө иштерин улантып жатабыз", - дейт куткаруучу.
width="560" height="308" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">