Abank
SerepTV Logo

18-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 18-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Талас, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз дээрлик өлкөнүн бардык облустарынын аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +18…+23, Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +20…+25, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22, Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24. Бишкекте маал-маалы менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +20…+22 градус болот.