Abank
SerepTV Logo

18-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 18-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +35…+40, Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +34…+39, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +35…+40, Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +31…+36, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү температура +21…+23, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.