Abank
SerepTV Logo

18-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 18-февралда түндкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.  Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9, Талас облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7, Нарын облусунда түнкүсүн -6…-21, күндүз -3…-8. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, туман түшүшү мүнкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -18…-20, күндүз -4…-6 градус.