Abank
SerepTV Logo

18-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 18-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29; Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +25…+30 градус жылуу болот. Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18°, күндүз +31…+33° жылуу болот.