Abank
SerepTV Logo

17-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 17-сентябрга караган түнү Ысык-Көлдө айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25, Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +24…+26 градус болот.