Abank
SerepTV Logo

17-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 17-октябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +0…+5, күндүз +13…+18, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17, Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +14…+19. Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +17…+19 градус болот.