Abank
SerepTV Logo

17-ноябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17-ноябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 17-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жаан, тоолордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7; Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6; Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз +2…+7; Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6 суук, күндүз +4…+6 градус болот.