Abank
SerepTV Logo

17-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 17-июлга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +34…+39, Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +31…+36, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39, Ысык-Көлдө түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33, Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү төмөнкү температура +20…+22, күндүзгү жогорку температура +36…+38 градус болот.