17-февралдан тартып өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт
Кыргызстанда 17-февралдан 19-февралга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу АКИpress Кыргызгидрометтин метеорология бөлүмүнүн башчысы Нуризат Дооронова билдиргенин жазды.
«Бүгүнкү божомолдор боюнча аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. 17-18-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн», - деди Дооронова.
Маалыматка ылайык, Чүй өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн түндүктө -11...-16, Бишкек шаарында -11...-13 градуска чейин төмөндөйт. Абанын күндүзгү температурасы түндүктө -8...-13, Бишкек шаарында -5...-7 болушу күтүлөт.