Abank
SerepTV Logo

17-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 17-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…19, күндүз +31…+36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27; Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +23…+28 градус жылуу болот. Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +30…+32 жылуу болот.