16-январдан тартып өлкөдө күн жылый баштайт
Кыргызстан боюнча абанын температурасы 16-январдан тартып акырындык менен жогорулай баштайт. Бул тууралуу синоптиктер маалымдашты.
"Жакынкы күндөр ичинде абанын температурасы ылдыйлабайт. 16-январдан кийин 4 градуска күн жылыйт. Күн сайын 2-3 градуска көтөрүлөт", - дешти алар.