Abank
SerepTV Logo

16-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

16-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 16-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Таластын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24, Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25. Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +22…+24 градус болот.