Royal
SerepTV Logo

16-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

16-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 16-октябрда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17, Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +12…+17. Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +16…+18 градус болот.