Abank
SerepTV Logo

16-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

16-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 16-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31; Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33; Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25; Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24; Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +29…+31 градус ысык болот.