Abank
SerepTV Logo

16-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

16-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 16-июлга караган түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37, Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +30…+35, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38, Ысык-Көлдө түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33, Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +29…+34, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +18…+20, күндүз  +34…+36 градус ысык болот.