Royal
SerepTV Logo

16-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

16-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 16-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5, Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз 0…-2 градус болот.